Үч-Коргон ГЭСине боюн таштап жиберген кыз куткарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылынын атын атагысы келбеген тургуну билдирди.
"Окуя бүгүн, 20-майда түштөн кийин орун алды. Кыздын аты-жөнү ким экендиги азырынча белгисиз. Үч-Коргон ГЭСине боюн таштап жиберген экен, жергиликтүү тургундар көрүп суудан чыгарып алышты", - дейт тургун.
Бул окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин Аксы райондук куткаруу бөлүмүнө байланышканыбызда, окуя такталып жаткандыгын билдирип, бирок ГЭСтин кыз түшкөн тарабы Таш-Көмүр шаарына карай тургандыгын айтышты.
Мындан улам Таш-Көмүр шаардык куткаруу кызматына байланышканыбызда, бул боюнча эч кандай так маалыматтары жок экендигин айтып, такталып жаткандыгын билдиришти.