Вице-мэр: "Бишкекте жарактан чыгып калган вакциналардын чыгымы 800 миң сомдон ашты"

Муздаткыч өчүп калып, жарактан чыгып калган вакциналарды эсептен чыгаруунун материалдык чыгымы 800 миң сомдон ашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жергиликтүү маалымат каражаттардын бирине берген маегинде билдирди.

"Бул окуя 30-апрель күнү катталган. Жалпы 840 миң сом зыян келтирилди", - деп билдирди Мозгачева.

Белгилей кетсек, борбор калаадагы №2 поликлиникада муздаткыч өчүп калгандыгына байланыштуу Спутник V вакцинасынын 930 дозасы жарактан чыгып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2021-05-21 18:53:05
Баягы эле коррупция.
+1
Ozgocho111
2021-05-21 19:58:54
Жайлапсынар , эн сонун, бай мамлекетпиз , аз эле чыгым болуппуз, азаматтар, кыжаалат болбой иштей бергиле...
+3
JaneEr
2021-05-21 23:29:33
Жоопко тартылсын куноолулор,толоп берсин чыгымды!
+3
Asmat84
2021-05-22 11:57:45
Шүмшүктор сатып жиберип акыры бир жолун таап чыгыпсынар да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан