"Эгерде мага кордук көрсөткөн баланы камасаӊар гана баарын айтып берем". Ошто 18 жаштагы кызды бир нече ирет зордуктаганга шектүү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2003-жылы туулган кыз 2 жылдан бери өз эркине каршы зордуктап жүргөн, ал тургай аны урган шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, 18-май күнү шектүү 1992-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран Кызыл-Кыя шаарынан жабырлануучу кызды коркутуп, кыздын эркине каршы өз унаасына салып, түнү менен Ош шаарына келген. Жолдо аны коркутуп, урган. Телефонун талкалап салган. Негизинен шектүү кызды кызганып, "башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени бербейм эч кимге" деп урган. 19-май күнү эртең менен саат 09.00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, унаасында отурган жеринен кармашкан.

Алгачкы тергөөдө шектүү жаран 2003-жылы туулган кыз менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшүп, кызды 2019-жылы бир нече ирет зордуктаган. Андан соӊ анын эркине каршы "сени зордуктаган учурду видеого тартып алгам" деп коркутуп жүргөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Ал убакта жабырлануучу болгону 16 жашта болгондуктан милицияга арыз жазуудан корккон. Жабырлануучу бул көрсөтмөлөрдү шектүүнү камай турган болсо гана бере ала турганын айтып берген. "Камабасаӊар менин берген көрсөтмөлөрүм үчүн бул баладан корком" деп билдирген.

Учурда жазык кодексинин "Адам уурдоо" беренеси (170-берене) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 22-майда Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aimani
2021-05-22 01:46:14
Турун менен жерге Кир,алын жеткени ошол кенедей кызбы? Ушундай акмактарды бычып эле салса.
+16
munduz2016
2021-05-22 10:54:36
Маньяк экен.По жизнь камаш керек
+9
Baktiluumun.
2021-05-22 11:45:28
Акчасын алып чыгарып жибербей , камаш керек мындайларды.
+9
JaneEr
2021-05-22 15:00:53
Жаш кыздар жигиттер мн суйлошпой эле жургулочу...Арам ойлуу арамзалар коп азыр.
+6
portugalia
2021-05-22 17:09:40
Шумшук
+3
AykaMer
2021-05-22 19:12:22
Ыраматылык Чубак ажы көп айтчу кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн болбойт деп.... Сүйүүнүн баары тойдон кийин болот дечү эле. Ойлоп көрсөң туура да... Сүйлөшөм деп аягы же өлүм менен же кордук менен түгөп калат... Азыркы жаштар илгерки жаштардай эмес,колун кармамак түгүл,сүйлөгөнгө уялышчу.Азыр сүйөм деп эле баса калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан