Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү райондордун акимдерин ротациялады. Мамлекет башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары - облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулган. Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөрдү.
SUPER.KG порталы "Бул кадамдын кандай кемчилиги жана артыкчылыгы бар?" деген собол салды.
БЕКЕШЕВ: "Акимдерди ротациялоо менен биргеликте аларга шарттар дагы түзүлүшү керек"
Депутат Дастан Бекешев акимдерди ротациялоо менен биргеликте аларга шарттар дагы түзүлүшү керектигин айтты.
"Мыйзам боюнча ротация кылса болот. Бирок ротация менен биргеликте шарттар дагы түзүлүшү керек. Акимдер башка жактарга которулат. Аларга үйлөр барбы, үй-бүлөсү кайда жашайт, балдары кайда окушат? Бул боюнча дагы ойлонуу шарт. Аким болуп канча иштей турганын эч ким билбейт. СССР убагында ротацияны жөн эле кылчу эмес. Аким бир райондо жакшы иштесе башка жакка которулчу. Азыр болсо эмненин негизинде ротация болуп жатат?" - деди Бекешев.
АКМАТАЛИЕВ: "Акыркы 10 жылдын ичинде акимдерди тандоо системасы жок болуп калды деп айтсам жаңылышпайм"
Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев бул системанын кандай жакшы, жаман жагы болорун турмуш тастыктай турганын айтты.
"Акыркы 10 жылдын ичинде акимдерди, алардын орун басарларын тандоо системасы жок болуп калды деп айтсам жаңылышпайм. Ушул учурга чейин өзү дагы билген эмес. Буга чейин бир райондун акими бошотулса кантип тандалып жатканы түшүнүксүз болчу. Буга Жогорку Кеңештеги фракциялар дагы кийлигишип кетип, бул процесс саясатташып кеткен. Кээ бир фракциялар ар бир районду өздөрү устукандап алышкан. Ошон үчүн премьер-министрге, вице-премьер-министрге дагы партиясына шайлоо учурунда чуркап берген адамдарды түртүп, ушуну дайындап бересиң деп мажбурлаган учурлар кездешкен. Эч бир партияга чуркабаган акимдерди кызматтан кетиришкен. Башаламандык түзүлгөн. Коомчулук бир гана ротацияга көңүл буруп жатышат. Азыр үч процесс жүрдү. Иштеп жаткандар аттестациядан өтүштү. Аттестациядан кээ бирлери өтпөй калышты. Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөрдү. Үчүнчү этап менен президент аттестациядан өткөн акимдердин арасында дайындоону жүргүзүп, ротация менен коштоду. Башкача айтканда, бир райондо өзүн жакшы көрсөткөн акимдерди башка райондорго өткөрдү. Сөзсүз түрдө баалоо, тандоо жүрүшү керек. Азыр аким болом дегендер мындан ары аймактык кадрлар резервдер тарабынан дайындалат. Бирдиктүү сынактык негизде тандоо системасы араң түзүлүп жатат", - деди ал.
МАВЛЯНОВА: "Бөтөн жерде жоопкерчилик бир топ күчөйт"
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын пикиринде ротациялоо саясаты жердешчилик, тууган-урук, коңшу-колоң деген факторлордон арылтат.
"Менин пикиримде ротациялоонун жакшы жагы да бар. Жердешчилик, тууган-урук, коңшу-колоң деген факторлордон арылтат. Мыйзам үстүндө өз функциясын жана милдетин аткарганга шарт түзүлөт. Коррупцияга баруудан жалтанат, себеби бөтөн эл, бөтөн жерде жоопкерчилик бир топ күчөйт. Бирок жогорку айткандардын баары эң биринчиден ошол орунга барган мамлекеттик кызматкердин тажрыйбасы, билими, моралдык, нравалык деңгээли татыктуу болсо гана ишке ашат.
Кемчиликтери айлык акысы аз, өз элинде болсо турак-жайы болуп, үй-бүлө мүчөлөрү мал-чарба, эгин-тегин эгип, муктаждыктарына кошумча киреше түшүрүп, коррупцияга барбай иштей алат эле деп ойлойм. Негизинен маянасы аз болгонуна байланыштуу гана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин көпчүлүгү коррупцияга барганга аргасыз болушат да. Экинчиден, турак-жай менен камсыз кылуу деген да кошумча чыгым пайда болот", - деди эл өкүлү.
ТАЖЫБАЙ: "Акимдерди ротация кылуу СССР убагындагы авторитардык мамлекеттин белгиси"
Саясий серепчи Алмаз Тажыбай акимдерди ротация кылуу СССР убагындагы авторитардык мамлекеттин белгиси экенин айтты.
"Мурда Сооронбай Жээнбековдун убагында администрациялык-аймактык реформа болмок да. Ошондо жергиликтүү бийликтер өз алдынча иштемек. Акимдерди ротация кылуу СССР убагындагы авторитардык мамлекеттин белгиси. Акимдерди райондорго койгондо түштүк жактан түндүк жакка барганда аларды каржылаган көйгөй болуп жатпайбы. Ошого бизде бюджетте акча барбы? Акимдердин үй-бүлөсү жашаш керек да. Бюджетте тартыш болуп жаткандан кийин туура эмес нерселерге барат. Мамлекет жашоо-шартын бекитип бербесе, анда бул ротация жемкорлуктун жолу", - деди ал.
КАРАШЕВ: "Акимдерди ротация кылуунун оң жагы абдан көп"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев акимдерди ротация кылуунун оң жагы абдан көп экенин айтты.
"Бул президенттин жаңы кадр саясаты жөнүндө жарлыгынын негизинде болуп жатат болуш керек. Ошонун жыйынтыгында ишке ашып жатат го деп ойлойм. Эгемендүү өлкө болгондон кийин масштабдуу мындай ротация болгон эмес. Ротация бир мезгилде болчу эмес. Бул кадамдын артыкчылыгы Кыргыз мамлекетинин биримдиги, ынтымагы, бүтүндүгүн сактоо. Тажрыйба алмашканга шарттар түзүлөт. Аймактык резерв түзүлгөнү, акимдердин аттестациядан өтүшү жакшы.
Жерине барганда кадрлардын иштөөсүнө бут тосуулар болбой, сый-урмат менен иштөөсүнө шарт түзүп берүү керек. Ошол жагынан катуу көңүл буруу зарыл", - дейт Карашев.
МАМАТАЛИЕВ: "Ротациялоо депутаттардын аймактарды "менчиктештирип" алуусунан арылтат"
Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, ротациялоо саясатынын кемчиликтерине караганда артыкчылыктары көп.
"Ачыгын айтканда айрым аймактарды "менчиктештирип" алган депутаттар бар. Өзү шайланып келген аймактын жетекчилигине өзүнүн тааныштарын, досторун коюп, кийинки шайлоодо ошолордун ресурстарын колдонуп жүргөн эл өкүлдөрүн акыркы жылдарда көп эле байкап келе жатабыз. Иштей алабы же иштей албайбы деген маселе экинчи планга калып калган эле. Ротациялоонун жакшы жагы мына ушул көрүнүштөрдөн арылып, кайсы бир районго дайындалган аким көз карандысыз боло алат. Өзү дайындалган региондун өнүгүүсү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого толук мүмкүнчүлүк алат. Ал башка аймактан дайындалганы үчүн жергиликтүү эл жасаган жумуштарын көзөмөлдөп, өзгөчө көңүл бурат. Аким болуп дайындалган адам да өз регионун өнүктүрүүгө кызыкдар болот. Себеби анын кылган эмгегинен кийинки карьералык өсүүсү көз каранды болот. Мына ушундай жакшы системага өттүк деп ойлойм. Бир гана кемчилиги башка районго аким болуп барган адам ал жерди жакшы билбей, кыска аралыкта жакшы жыйынтык көрсөтө албай калышы мүмкүн. Өзү барган районду таанып-билип алмайынча бир аз кемчиликтерди кетирип алышы мүмкүн. Башка кемчиликтери азырынча көрүнбөй турат. Тескерисинче, артыкчылыктары көп деп ойлойм", - деди Маматалиев.
БОКОЕВ: "Ротация кылуу кадрларды өстүрөт"
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев облустун өкүлдөрүн дагы ротация кылуу керектигин белгиледи.
"Аким бул саясий кызмат. Президент же министрлер кабинетинин төрагасы өзү тандаган жарандарды аким кызматына дайындап, ротациялай алат. Ротациянын жакшы жагы кадрды өстүрөт. Бир райондо бир же эки жыл тажрыйба алган акимди иши жакшы жүрүп жатса, өлкөнүн башка райондоруна тажрыйбасын көбөйтүү үчүн жөнөтөт. Ал кадрга бул чоң жетишкендик болот. Бир эле райондун акими эмес, облустун ыйгарым укуктуу өкүлүн дагы ротация кылуу керек", - деди Кенжебек Бокоев.