Садыр Жапаров өлкөдөгү райондордун акимдерин ротациялады. Мамлекет башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары - облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулган. Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөрдү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бул кадамдын кандай кемчилиги жана артыкчылыгы бар?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын пикиринде ротациялоо саясаты жердешчилик, тууган-урук, коңшу-колоң деген факторлордон арылтат.
"Менин пикиримде ротациялоонун жакшы жагы да бар. Жердешчилик, тууган-урук, коңшу-колоң деген факторлордон арылтат. Мыйзам үстүндө өз функциясын жана милдетин аткарганга шарт түзүлөт. Коррупцияга баруудан жалтанат, себеби бөтөн эл, бөтөн жерде жоопкерчилик бир топ күчөйт. Бирок жогорку айткандардын баары эң биринчиден ошол орунга барган мамлекеттик кызматкердин тажрыйбасы, билими, моралдык, нравалык деңгээли татыктуу болсо гана ишке ашат.
Кемчиликтери айлык акысы аз, өз элинде болсо турак-жайы болуп, үй-бүлө мүчөлөрү мал-чарба, эгин-тегин эгип, муктаждыктарына кошумча киреше түшүрүп, коррупцияга барбай иштей алат эле деп ойлойм. Негизинен маянасы аз болгонуна байланыштуу гана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин көпчүлүгү коррупцияга барганга аргасыз болушат да. Экинчиден, турак-жай менен камсыз кылуу деген да кошумча чыгым пайда болот", - деди эл өкүлү.