Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында аты менен кошо сууга түшүп кеткен бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-май күнү Кара-Суу айыл аймагынын Түрдүк жайлоосуна мал айдап бара жатып 2010-жылы туулган Н.Э. аттуу бала Желе-Терек тилкесиндеги мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.
Жерине 13:50 чамасында Аксы райондук ӨКБдан 5 куткаруучу унаасы менен тартылган.
Учурда издөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.