Октябрь районунда дагы бир жашыл аймак реконструкциядан өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан 3 миң 750 чарчы метр аянтка таман таш төшөлүп, 2 миң метрге жакын тротуардын жээк таштары орнотулууда, 57 отургуч жана таштанды челектери техникалык кароодон өткөрүлөт.
"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы 800 метрге жакын электр чубалгыларын тартты, жерден жанып турган чырактар үчүн 32 бетон пайдубалы орнотулду. Бул багыттагы иштер улантылууда", - деп айтылат маалыматта.