Саламаттыкты сактоо министри: "Владимир Путин уу коргошун тууралуу Садыр Жапаровдон маалымат алган"

Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Владимир Путин менен уу коргошун тууралуу сүйлөшүшкөн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Владимир Владимирович менен Садыр Нуркожоевич жолукканда Путин уу коргошун тууралуу сураптыр. Өлкө башчысы Садыр Жапаров уу коргошун коронавируска каршы колдонулуп жаткандыгы тууралуу айтып кеңири маалымат бериптир.

Ошондой эле алар Sputnik V вакцинасы тууралуу дагы сүйлөшкөн жана жакынкы күндөрү бул вакцинанын жаңы партиясы Кыргыз өлкөсүнө келери күтүлүүдө", - деди Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azat-123
2021-05-26 16:06:46
Биздин коргошун керек болсо Путинди дагы ойго салган турбайбы;)
0
Nara5
2021-05-26 16:46:57
Силер жинди болдунарбы бир эле аны айтып бир эле муну айтып
0
Aibek_eka
2021-05-26 18:28:29
Тойгозду ушу министир ар нерсени жоолуп
+1
munduz2016
2021-05-27 15:32:33
Кызык киши экен министрибиз)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан