Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерге шайлоо болжолдуу түрдө июлда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.
"Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн же эртең президенттик администрацияга маалымкат жөнөтөбүз. Азыр мыйзам боюнча кайра шайлоого жагдайлар ачылды. Мыйзамга ылайык, президент өзүнүн жарлыгы менен шайлоону дайындашы кажет. Шайлоо 40 күндүн ичинде өтүшү керек. Шайлоо эс алуу күнгө белгиленет. Ыкчам түрдө жарлык чыкса, 40 күндү эсептегенде болжолдуу түрдө июль айында өтөт", - деди ал.
11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Кийин Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештердин шайлоосунун жыйынтыгы жокко чыгарылган.