БШКнын мүчөсү парламенттик шайлоо менен Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештердин шайлоосун биргеликте өткөрүү боюнча жеке пикирин айтты

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев парламенттик шайлоо менен Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештердин шайлоосун биргеликте өткөрүү боюнча жеке пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-майда SUPER.KG порталына билдирди.

"Айрымдар бюджеттин акчасын үнөмдөп, парламенттик шайлоо менен Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештердин шайлоосун биргеликте өткөрөбүз деп жатышат. 3 шаардык кеңештин шайлоосун өткөргөнгө 37-38 миллион сом коротулат. Эгерде адилеттүү шайлоо өтсө бул акча көп деп деле ойлобойм. Жогорку Кеңеш менен биргеликте өткөргөндө башаламан болуп калат. Шаардык кеңештердин шайлоолору өз убагында өтсө туура болот. Бир айдын ичинде шайлоо дайындалышы керек. Бир айдын ичинде дайындалбаса мыйзам бузуу болуп эсептелинет. Шаардык кеңештердин шайлоосу 40 күндүн ичинде өтүшү шарт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан