Жогорку Кеңеште айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Алар: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Тармактык комитет ал тизмеден 3 өлкөнү - Болгария, Румыния, Кипрди алып салган.
Жыйында 13 маселе каралары күтүлүүдө.