28-30-апрель күндөрү Баткен облусунун Тажикстан менен чек арасында болуп өткөн окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көл облусуна эс алууга жөнөп кетти. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Облустун чек аралаш аймактарынан барган 140 бала, 6 мугалим 10 күн бою Ысык-Көл облусунда эс алууда болушат", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Андан соң балдар Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Семетей” лицейинде дагы 15 күн эс алышат.
Балдарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана район-шаар башчылары узатып, аларга көңүлдүү эс алуу каалашты. Балдар бүгүн, 27-майда "Ош" аэропорту аркылуу "Тамчы" аэропортуна учушат.