Депутат Икрамов Баткендеги жаңжалда каза болгон жоокерлерге "Эл баатыры" наамын берүүнү сунуштады

Депутат Тазабек Икрамов Баткенге барган жаш дарыгерлердин иштеп калуусуна шарттарды түзүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Канчалаган жаштар барып иштеп жатышат. Жаш дарыгерлердин иштеп калуусуна шарт түзүп беришибиз керек. Жаңжалда жоокерлер каза болгон аларга Эл баатыры деген наам берүүнү сунуштайм. Жарадар болгондорго даңк медалын берсек", - деди ал.

Эске салсак, Тажикстандын Баткенге кол салуусунун кесепетинен 36 Кыргыз жараны каза болгон, анын ичинен үчөө аскер кызматкерлери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан