Депутат Айнуру Алтыбаева Ош шаарындагы таза суу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бөлүнгөн каражаттар кайда кеткен? Эмне үчүн өлкөбүздүн экинчи борборунун калкы жайдын күнү таза суусуз калууда? Ушул маселени карап чыгалы. Жогорку Кеңештин төрагасы протоколдук тапшырма берсин. Бул тууралуу парламенттин жыйынында карашыбыз керек", - деди ал.