Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ден соолугу текшерилиши керек экендигин Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Азыркы саламаттыкты сактоо министринин ден соолугун текшере турган мезгил болду го. Уу коргошун менен ушунчалык Кыргыз өлкөсүн дүйнө жүзүнө уят кылды. Эми болсо Москвага барып келген президентибизди орус президенти менен уу коргошун тууралуу сүйлөштү деп карандай калпты айтты. Дагы жакшы президенттин басма сөз катчысы бул маалыматты апыртма экенин айтып чыкты. Болбосо Москвага барып уу коргошун тууралуу кеп кылды деп президентти дагы уят кылмак экенбиз.
Саламаттыкты сактоо министри боюнча 84 депутат кызматтан кетсин деп токтом чыгарган. Импичмент жарыялап 84 депутат менен президентти кетирсе болот го. Эмне үчүн биз министрди кетире албайбыз? Баарыбыздын медицина тармагында иштеген тууган-туушкандарыбыз, жоро-жолдошторубуз бар. Алардын баары ушул Covid кетпесе дагы, комик кетсе болот эле деп айтып жатышат. Ушуга чейин жетпедиби", - деди Момбеков.