Хабиб Нурмагомедов Зинедин Зидандын ордуна "Реал Мадрид" командасынын башкы машыктыруучулук кызматына кимди көргүсү келет?

Жеңил салмактагы UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов машыктыруучу Антонио Контени "Реал Мадрид" футболдук клубунун башкы машыктыруучулук кызматында көргүсү келет. Бул тууралуу ал "433" аттуу Инстаграмдагы баракчага билдирүү калтырды.

"Конте" деп жазды Нурмагомедов Зидандын "Реалдан" кетиши тууралуу билдирүүнүн астына.

Хабиб Нурмагомедов "Реал Мадрид" футболдук клубунун күйөрманы экенин белгилей кетүү керек.

Буга чейин Зинедин Зидандын "Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучулук кызматынан кеткендиги кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан