Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп Динара Молдошева дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Молдошева Динара Автандиловна министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды", - деп жазылат маалыматта.