Садыр Жапаров "Капчыгай" чек ара тозотунда жана Баткен шаарындагы аскер бөлүгүндө болду

Бүгүн, 28-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен районундагы «Капчыгай» чек ара тозотуна жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен шаарындагы № 2022 аскер бөлүгүнө барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Мамлекет башчысы бөлүктөр жайгашкан имараттардын абалы, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты.

Президент учурдан пайдаланып, аскер кызматчыларын кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, бардык мекендештерге ачык асман жана тынчтык каалады.

Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялардагы чек арачылардын эрдигин өзгөчө белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.

Жапаров Чек ара кызматынын кызматчыларынын тайманбастыгы өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга жардам берип, жаңжалдын курчуп кетишине бөгөт койгонуна жана абалды жөнгө салуунун бирден-бир жолу — тынчтык жолу менен сүйлөшүү аркылуу чечүү болгонуна токтолду.

Жоокерлерге аскердик маанайды, моралдык духту бийик сактоону каалаган президент Садыр Жапаров «Ардактуу меймандар» китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан