Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-июлга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиевдин УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы 2021-жылдын 26-июль күнүнө чейин узартылды.
Эске салсак, буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон. Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталгандыгы маалымдалган.