"Кумтөрдүн" өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Усенов учурда жүрүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майда журналисттерге билдирди.
Ага бир күндө канча руда казып алынат деген суроо берилди. Анын айтымында, казып алынган руданын көлөмү 17 миң жарым, 18 миң тоннаны түзөт.
"Буга чейин жетекчилик кызматтарда Кыргыз жарандары эле иштеп келген. Өзүм алтын улоочу фабриканын менеджери, 11 жылдан бери иштейм. Кол алдымда 6 адис иштечү. Өндүрүштүк бөлүмдөрдө эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Адистердин баары өздөрүнүн ордунда отурушат", - деди Усенов.