Президент Садыр Жапаров Ош шаарында Коргоо министрлигинин жана Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды.
Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн курулган 216 батир тапшырылды. Аскер кызматкерлерине кандай батирлер тапшырылганын сүрөттөрдөн көрүңүз.
Белгилей кетсек, аскер кызматчыларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында Ош шаарында 9 кабаттуу 3 турак жай курулган.
Турак жайлар бардык ыңгайлуу шарттар менен курулуп, ичи жасалгаланган, ар бир батирде газ плиталар коюлган. Үйлөр Ош шаарынын борбордук жылытуу системасына туташтырылып, жаңы үлгүдөгү лифттер орнотулган.