"Эң чоң катаңыз президентке ишенип алганыңыз" деп бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылды.
"Министрлер кызматка келгенде реформа жасайм деп, мурдагы министрлердин жакшы иштерин улантайын деп келет. Сиз келгенде эле уу коргошунду элге сунуштап, расмий медицинага шек келтирип койдуңуз. Бул чоң ката. Аны эл да туура эмес кабыл алды. Эң чоң катаңыз президентке ишенип алганыңыз. Буга чейин президентке ишенип алгандар качып, көчөгө чыга албай калышты. Президентке ишенбей, министр катары иш алып барыңыз", - дейт Мадеминов.