ЭЛДИК КАБАР: "Талас шаарында сейил бактагы даараткана көп жылдан бери иштебейт. Эмнеге көзөмөлгө алышпайт?" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Талас шаарынын тургуну кайрылды. Анда ал Талас шаарында сейил бакта жайгашкан даараткана көп жылдан бери иштебегенин айтты.

"Талас шаарында жалгыз сейил бак бар, ошол жалгыз сейил бакта жалгыз даараткана жайгашкан. Ал дагы көп жылдан бери иштебей турат. Курулганына 5-6 жыл болуп калды. Бир жолу да ачылган эмес. Сейил бакка келген конокторго ыңгайсыздык жаралат.

Акылуу кылып деле ачып койсо болор эле. Ушул жерге жакын Талас мэриясы, администрация үйү бар. Эмнеге ушуну такыр көзөмөлгө алышпайт?", - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Талас шаарында сейил бактагы даараткана көп жылдан бери иштебейт. Эмнеге көзөмөлгө алышпайт?" дейт окурман
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
heaven2016
2021-05-31 15:53:46
Ак үйдүн туалетин ачып коюшсун иштебесе
-1
Nina.alex
2021-05-31 16:22:19
2 млн сомго салынган дешет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан