Депутат саламаттыкты сактоо министрине: "Сиз өзүңүздү жарнама кылганды үйрөнүп алыпсыз"

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин комитетинде депутаттар саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди сындашты.

Алардын катарында депутат Сайдулла Нышанов дагы бар.

"Парламентти тоготпойсуз. Мен бул жерде депутат болуп сизден чоң сүйлөгөндөрдү көрдүм, бирок аягы жакшы болуп бүткөн жок. Иштей турган болсоңуз күнү-түнү чуркап иштешиңиз керек. Сиз жарнама кылганды үйрөнүп алыпсыз. Орун басарларыңызды иштебейт деп кетирдиңиз. Былтыр коронавирус оорусу өлкөгө келгенде башкалар бекинип алганда, Мадамин Каратаев иштеди да. Ошол киши жанын сайып иштеди. Сиз аны сындап туруп кетирдиңиз.

Уу коргошун дейсиз, өзүңүз тажрыйбалуу окумуштуу адамсыз. Дүйнө күлүп жатат. Элди уят кылып жатасыз. Президент сизди колдоп жаткандыр, бирок этият болуңуз", - деди Сайдулла Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан