Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматовдун коррупциялык иштерин коомчулукка жарыялоо үчүн атайын топ түзүлдү

Кечээ, 31-майда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун коррупциялык иштерин коомчулукка жарыялоо үчүн шаар тургундарынан турган атайын топ түзүлүп, алар маалымат жыйын беришти. Түзүлгөн топтун мүчөсү Карима Бүлөкбаева буларга токтолду:

"Азиз Суракматов, Ринат Түлөбердиевдин өкүл атасы. Ринат Түлөбердиев көптөгөн мыйзамсыз иштерди кылган. Ал көптөгөн Бишкектеги кыймылсыз мүлктөрдү туугандарына жаздыргандыгы боюнча фактылар бар. Ал өзү мындай иштерди кыла алмак эмес. Ошол учурда Азиз Суракматов "Бишкек башкыархитектурада" жооптуу кызматтарда иштеген", - деди Бүлөкбаева.

Маалымат жыйынга Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова дагы келип төмөнкүлөрдү айтып нааразычылыгын билдирди:

"Менин дагы жүздөгөн өкүл уул, өкүл кыздарым бар, алардын кылмышы үчүн мен жооп беришим керекпи? Суракматов жөнүндө анык фактыңар барбы? Бардык айткандарыңар жөн эле ушак болуп жатат", - деди Алмамбетова.

Карима Бүлөкбаева буга жооп кылып силерге акча төлөп берген деди.

"Силер "бирөө үчүн башка жооп бербейт" дегениңер менен биз, баарыбыз билебиз да таанышың жок болсо мындай иштерге барууга мүмкүн эмес экенин. Силерге акча төлөп берген, ошон үчүн бул жакка келип нааразы болуп жатасыңар", - деди Бүлөкбаева.

26-майда Азиз Суракматов УКМКга "мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча күбө катары чакырылып, кийин кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан