Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Москвадагы кыргыз ишкерлери менен жолукту

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Москва шаарындагы кыргыз ишкерлери менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага катышууга Москва шаарынын кыргыз ишкерлери, Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү, "Кыргыз конгресси", "Кыргыз биримдиги" жана башка жеңил өнөр жай тармагында иш алып барган диаспора бирикмелеринен ири жана эң тажрыйбалуу кыргыз ишкерлери чакырылды.

"Жолугушуунун негизги максаты - текстиль жана тигүү өндүрүшү жаатындагы кыргыз ишкерлер коомчулугунун мындан ары мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Москвадагы кыргыз тигүүчүлөрүнүн жана текстиль сатуучуларынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен иштин артыкчылыгы аныкталды, ыкчам маалымат алмашуу жана мүмкүн болгон колдоо көрсөтүү үчүн мындай жолугушууларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Дегенбаев жеңил өнөр жайынын абалы, аны өнүктүрүүнүн пландары, кыргыз ишкерлерин ар тараптуу колдоо боюнча көрүнүштөр жөнүндө жалпы маалымат менен тааныштырды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жигердүү байланышта болууга, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө, биргелешкен иштерди жүргүзүү үчүн чыгармачыл жана жаңы ыкмаларды издөөгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары, кыргыз-орус соода жүгүртүүсүн өркүндөтүү жана мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүдө кыргыз ишкерлеринин катышуусунун маанилүүлүгүнөн улам мындай иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүп туруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө бир пикирге келишти", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан