Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Игорь Чудинов Кумтөр боюнча сурак берип жатат. Ал эми мурдагы депутат Пирматовдун кайсы иш боюнча сурак берип жатканы азырынча белгисиз.
2015-жылы Жогорку Кеңешке келген Исхак Пирматов мандатын 28-майда өз каалоосу менен тапшырган. Ал эми Игорь Чудинов премьер-министр болуп 2007-2009-жылдары иштеген.