Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 31-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Давран Касымов журналисттерге билдирди.
"Асылбек Шариповичти мыйзамсыз камакка алышты. Биз шаардык сотко кайрылабыз", - деди Касымов.
Бул маалыматты Биринчи Май райондук соту тастыктады.
"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 31-майындагы чечимине ылайык, шектелүүчү А.Ш.Жээнбековго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2021-жылдын 31-июль күнүнө чейин тандалды жана ал УКМКнын тергөө изоляторуна деп белгиленди", - деп билдиришти соттон.
Буга чейин Кумтөр иши боюнча Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров УКМК тарабынан кармалганы маалымдалган.