Экс-спикер Дастанбек Жумабеков УКМКдан сурактан чыкты. Ал бүгүн, 1-июнда УКМКга суракка чакырылгандыгы айтылган. Бирок бул маалыматты УКМК четке каккан.
Ал саат 12:50 чамасында сурактан чыгып, дароо автоунаасына отуруп кетти.
Маалымат каражаттары анын "Кумтөр" иши боюнча суракка чакырылганын жазышууда.
Дастанбек Жумабеков 2017-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңешке спикер болуп шайланып, 2020-жылдын 6-октябрында кызматтан кеткен.