Садыр Жапаров дайынсыз болуп жаткан "Сапат" лицейинин негиздөөчүсүн издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

Дайынсыз болуп жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин ээси экени айтылып жүргөн Орхан Инандыны издөө иштерине кошумча күчтөр тартылат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Мамлекет башчы укук коргоо органдарына Кыргыз жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Буга чейин Орхан Инанды аттуу жарандын баласы укук коргоочуларга арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан