Экономика жана финансы министри болуп дайындалган Акылбек Жапаровдун өмүр баяны

1964-жылы 14-сентябрда саясий ишмер Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1986-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун, 2002-жылы Бишкектеги Финансы-экономикалык академиясын бүтүрүп, менеджментти уюштуруу кесибине ээ болгон.

Акылбек Жапаров алгач Фрунзедеги Политехникалык институттун унаа жолдору кафедрасынын кенже илимий кызматкери болуп иштеген. Кийин биринчи вице-премьер-министрдин жардамчысы, Мамлекеттик башкы салык инспекциясынын инспектору, Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык инспекциясынын төлөмдөрдү өндүрүү боюнча башкармалыгынын башчысы болгон.
2000-жылдан 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;
2005-жылдан 2007-жылга чейин экономика жана финансы министри;
2007-жылдын 7-февралынан декабрь айына чейин – финансы министри;
2007-жылдын 27-декабрында Соода жана экономикалык өнүгүү министри болуп дайындалып, 2009-жылы 20-октябрда отставкага кеткен.
2009-жылдын 22-октябрынан 2010-жылдын апрель айына чейин биринчи вице-премьер-министр;
2010-жылдын 10-ноябрынан 2011-жылдын 23-декабрына чейин V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты;
2011-жылдын 23-декабрынан 2012-жылдын 4-сентябрына чейин каржы министри;
2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан