Ибрагим Нуракун уулу Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анда ал Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакированын кеңешчиси катары жумушун баштап жатканын жазды. "Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакированын кеңешчиси катары жумушумду баштап жатып, анын телефонунан балдар темасына байланыштуу сонун сүрөт таап алдым. Кызы менен түшкөн сүрөтү окшойт. Кыздарыбыздын, балдарыбыздын келечеги жаркын болсун. Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен кичинекейлерибизди, алардын мээримдүү ата-энелерин да куттуктайбыз", - деп жазды Ибрагим Нуракун уулу.
Ибрагим Нуракун уулу буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеп келген. Ал бул кызматтан октябрь айында кеткен.