Бүгүн, 1-июнда президент Садыр Жапаров Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер Бурианды Европа Бирлигинин Атайын өкүлү катары миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү үчүн Европа Бирлиги менен өнөктөштүктү бекемдөө тышкы саясаттагы негизги приоритеттердин бири экендигине токтолду. Кыргыз өлкөсү ЕБ менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүгө жана чыңдоого даяр", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров «Европа Бирлиги — Борбор Азия» алгачкы экономикалык форумун 2021-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өткөрүүнү маанилүү деп эсептейт.
Президент ошондой эле Кыргыз өлкөсү менен Европа Бирлигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашуунун долбоорун даярдоо зарылдыгын белгиледи. 2021-жылдын аягына чейин бул документке кол коюу маселеси приоритеттүү мүнөзгө ээ.
Өз кезегинде Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү, элчи Петер Буриан Европа Бирлиги менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы достук мындан ары дагы жалпыга таанылган баалуулуктарга жана принциптерге негизделерине үмүт артарын билдирди.
Баарлашуунун соңунда өлкө башчы Петер Бурианга Европа Бирлигинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү катары ийгиликтүү иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө жакшылыктарды каалады.