Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарындагы маршруттук таксилер каттамга чыккан жок. Учурда борбор калаада троллейбустар, автобустар гана толук кандуу иштеп жатат.
Маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштаганы боюнча Бишкек шаардык транспорт башкармалыгына байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Иш таштаган маршруттук таксилердин айдоочулары саат 11:00дө ишке чыгат. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп билдиришти Транспорт башкармалыгынан.