"Жогорку Кеңештин депутаттары парламент макулдугун бергенде гана жоопкерчиликке тартылышы керек болчу", - деп бүгүн, 2-июнда парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Коррупцияга каршы күрөшүү иши жүрүп жатканы жакшы. Бирок мыйзамдуулукту сактоо керек. Депутаттарга иш козгоп, УКМКга барып жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары парламент макулдугун бергенде жоопкерчиликке тартылат. Ал эми кылмыш ишин жасап жатып кармалса, анда макулдугу кереги жок", - деди ал.