Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңеште коронавирус жуктуруп алгандарга компенсация төлөп берүү боюнча токтом долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Бул токтом долбоору буга чейин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде каралган.
Жыйында жалпы 12 маселе талкууланат. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө” токтом долбоору, "Мамлекеттик бюджеттик резервинен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине коронавирустук инфекцияга каршы вакциналарды сатып алуу үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралат.