Бишкекте 21 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 21 миң 44 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу брифинг учурунда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

"Жалпы эмдөө башталгандан бери Бишкек шаары боюнча 21 миң 44 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 11 миң 687 жаран экинчи жолу эмдөө алды. 21 миң 44 адамдын ичинен:

2 миң 776 адам медициналык кызматкерлер;

885 адам борбор шаарыбыздын мектептеринин мугалимдери;

1 миң 39 адам мамлекеттик кызматкерлер;

5 миң 341 адам 65 жаштан жогорку жарандар;

385 адам күч структураларынын кызматкерлери;

10 миң 187 жаран калган категорияга кирген адамдар.

Алардын ичинен өнөкөт оорулар менен ооругандар 446 адамды түздү", - деп айтты Шамырканова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан