Бүгүн, 26-июнга карата Казакстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 19 миң 750 адамга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
Ага ылайык, сутка ичинде Казакстандын аймагында жалпы 465 адамдан илдет табылган. Бул көрсөткүч оорунун жайылышы дагы 2,4 пайызга өскөнүн көрсөтөт. Жалпысынан өлкөдө 12 миң 220 бейтап оорудан айыгып чыкты. Ал эми 140 адам инфекциянын курмандыгы болду.