"УКМКда иштейм деген". Орхан Инандыны табууга жардам берем деп 50 миң доллар, унааны алдап алганга шектүү кармалды

"Сапат" лицейинин дайынсыз болуп жаткан негиздөөчүсү Орхан Инандыны табууга жардам берем деп өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 2-июнда болгон. Анда Бишкек ШИИББине Түркиянын М.А. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсине белгисиз жаран Орхан Инандыны табышам деп ишенимине кирип, өзүн укук коргоо органдарында иштейм деп тааныштырып, 50 миң доллар жана Subaru Impreza унаасын ээлеп алганын жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейнки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө жана издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн "Перехват" операциясы киригизилип, жогорудагы кылмышка шектүү жаран кармалган. Ал 1994-жылы Ош облусунда туулган, эч жерде иштебеген, мурда сот жообуна тартылган жаран экендиги аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Шектүүнү текшергенде Subaru Impreza унаасынын ичинен 50 миң доллар жана октору менен тапанча табылган.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.

Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.

Ал эми Октябрь райондук милициясынан бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.

Кечээ, 2-июнда ИИМ бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Ал арада 3 күндөн бери Орхан Инандынын изделиши боюнча жарандар алгач Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин имаратынын, андан соң өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп, аны издөө иштерин тездетүүнү талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alfiya
2021-06-03 14:44:05
Тааныбаган адамда ушунча ишенеби?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан