Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 28-май күнү Октябрь райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 26-май күнү болжол менен саат 02:00 чамасында Токомбаев көчөсүнөн арыз эссине белгисиз жарандар күч колдонуп, AsusPro3 үлгүсүндөгү баасы 900 доллар турган телефонун тартып алып качып кеткендерин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 30, 22 жана 27 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.