"Акыркы көч" тасмасы Гонконгдо өтө турган фестивалга катышууга мүмкүнчүлүк алды

Кыргыз режиссёрлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Акыркы көч” тасмасы "Asia Film Art" эл аралык фестивалына катышат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, аталган фестиваль 24-июндан 27-июнга чейин Гонконгдо орун алат.
Фестивалда Кыргыз өлкөсүнүн, Япониянын, Вьетнамдын, Кытайдын жана Индиянын режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлөт.
"Asia Film Art" (AFAIFF) эл аралык кино фестивалы дүйнөнүн булуң-бурчундагы жаңылык киргизген режиссёр, сүрөтчүлөрдүн эмгектерине сынак уюштуруп келет.
"Акыркы көч" тасмасы жалгыз жашаган пенсионер жазуучунун окуясын баяндайт. Башкы каарман күндөрдүн биринде досу катуу ооруп жатканын угуп, батирин сатып, каражатты досунун дарылануусуна жумшайт. Бирок көп узабай эле башкы каармандын иниси ур-токмокко кабылат. Жазуучу кимге жардам берүү керек деген тандоодо калат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан