Кечээ, 5-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Япониянын Осака шаарында алгачкы машыгуусун өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"5-июнь күнү кечинде улуттук курама Осака шаарындагы "J-GREEN Sakai" спорт комплексинин футбол талааларынын биринде машыгуу өткөрдү. Бул Япониянын эң ири спорт объектилеринин бири", - деп жазылат билдирүүдө.
"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында эртең, 7-июнда Монголияга каршы ойнойт.