
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өз жанын кыюуга аракет кылган келинди жергиликтүү тургундар куткарып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Мундуз айылында 1985-жылы туулган келин өз жанын кыюу максатында Көк-Арт дарыясына боюн таштаган учурда жергиликтүү тургундар куткарып, суудан алып чыгышкан.
Куткаруучулар жерине чыгып абалды көзөмөлгө алып, аялды Сузак РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп берди.