Бүгүн, 7-июнда Кыргыз курамасы Монголияга каршы Япониянын Осака шаарында оюн өткөрөт. Кыргыз футбол союзу Монголияга каршы ойночу Кыргыз курамасынын негизги курамдагы тизмесин жарыялады.
Дарбазачы: Айзар Акматов;
Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Мустафа Юсупов, Тамирлан Козубаев, Александр Мищенко;
Жарым коргоочулар: Алимардон Шүкүров, Эдгар Бернхардт, Фархат Мусабеков;
Чабуулчулар: Гүлжигит Алыкулов, Мирлан Мурзаев, Турсунали Рустамов.
Дарбазада турган Айзар Акматов - коргонууда оюн алып барган футболчу.