Бүгүн, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны өттү. Анда президент Садыр Жапаров Чүй облустук сотунун төрагасынын мас абалындагы видеосун көрсөттү.
Президент Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакировадан "Видеодогу ким экенин тааныдыңызбы?" деп сурады.
Нургүл Бакирова: "Чүй облустук сотунун төрагасына окшоп турат?" - деп жооп берди.
Садыр Жапаров: "Туура таптыңыз. Сот системасына адилеттүүлүктү орнотолу деп жатабыз. Анан мындай соттор өздөрү оңолбосо, мыйзамдарды алтын тамга менен жазып койсок дагы реформаны аягына чыгара албайбыз. Бир килейген облусту караган соттордун төрагасы күнүгө арак ичип, мас болуп келет экен. Күндө кабинетине ушинтип кирет экен. Анан ушундай соттор менен кантип реформа жүргүзөбүз?" - деди.
Жогорку Соттун төрайымы бул иш боюнча чара көрүлөрүн айтты.