Тышкы иштер министринин орун басары: "Орхан Инанды элчиликке кирип кетти деген маалымат боюнча факт жок"

"Орхан Инанды элчиликке кирип кетти деген маалымат боюнча факт жок", - деп бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.

Депутат Абдывахап Нурбаев Орхан Инанды элчиликтин ичинде деген маалымат чыгып жатканын белгиледи. "Элчилик менен сүйлөшө алдыңарбы? Текшере алдыңарбы?", - деп сурады депутат.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков элчилик кол тийбестикке кире турганын эскертти. "Элчиликке кирүү үчүн ошол мамлекеттин президентинин уруксаты менен киришибиз керек. Биз кат жүзүндө кайрылдык", - деди Өмүрзаков.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев: "Элчиликке кирип кетти, ошол жакта кармап отурат дегенге факт жок. Бул анын аялынын айткан сөзү", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан