Электр жарыгы өчсө да эл кетпей... Малик Аликеевдин эл сагынган концерти

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 6-июнь туулган күнүндө Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрында чыгармачылыктагы үзөңгүлөш санаалаш досторунун коштоосу менен жеке концертин берди.

Аба ырайынан улам катуу шамал болуп, залдагы электр жарыгы өчүп, бирок эл жандуу концерт көрүп кетпей отурганын Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев өзүнүн баракчасына бөлүшүп, "мындай концерт өзүбүзгө дагы жагып жатат" деп жазып, видео жүктөдү.

Малик Аликеевдин концертине Кыргыз Эл артисти Келдибек Ниязов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Амантай Кутманалиев, Сыймык Бейшекеев, манасчы Рыспай Исаков, ырчылар Гүлгаакы Сагындыкова, Өмүрзак Кайыпов, Турдукан Сарбанова, алып баруучу Айбек Келсинбеков катышкан.

Малик Аликеевдин Таласта өткөн концерти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mira28
2021-06-07 21:59:44
Сонун.Угуп эле олтургун келетго.Залдын жарымы эле ырчы экен.Микрофонсуз эле жаныртып ырдашыптыр.Сыймык Бейшекеев светтин очконун билгизбептир,наоборот элге да жакканго.Малик Аликеев туулган кунунуз кут болсун.Узак омур сурунуз.
+6
Abdyrashit.Satylganov
2021-06-07 23:17:56
Талас эли азаматсыңар, баары шаңдуу, чогу, ынтымактуу ырдашыптыр... Концертти ушундай көрсөң ааа...
+2
Asmat84
2021-06-08 00:13:17
Уят эле каерде болбосун ушул жетишкен заманда да ушинтип светтин өчүп калышы уят уят уят Талас облусунун администрациясы Талас облусунун маданият бөлүмү силерге чоооооооонн минус. Өзүңөрдүн бир уулунардын жеке концертин жакшы өткөрүп бере албапсыңар
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан