Биз социалдык тармакта

"Кочкордон Бишкекке келген". 11 жаштагы Айтурган Садыкова дайынсыз болууда

Кочкордо 11 жаштагы Айтурган Садыкова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу кыздын туугандары кабарлашты.

"Ал Кочкордон Бишкекке 6-июнь күнү келген. Аны ошол эле күнү болжол менен саат 17:00дө вокзал жактан көргөндөр бар экен. Балыкчы жакка кетип калса керек деген божомолдор болуп жатат. Анткени аны ата-энеси Балыкчыга таенесине алып барабыз деп убада кылып коюшуптур, кыз аларды күтпөй эле Бишкекке кетип калыптыр. Бирок таенесине дагы барган эмес", - деп билдиришти жакындары.

Кийген кийими: кызыл футболка, көк түстөгү шым, сумка, бутунда боз түстөгү спорттук бут кийим, колунда баштыгы бар.

Туугандары эгерде сүрөттөгү кызды көргөн же билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуңуздарды суранат: 0706 63 97 79.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
NURSAPAR
2021-06-08 09:32:57
Аман эсен табылып калсын ылайым.
+2
Mr.altynbek
2021-06-08 10:00:23
Феточуну издегендей издебейсинерби
-1
Dembele84
2021-06-08 10:19:22
Жоголгон и сууга чоккондор кобойду.Мамлекет кандай чара коруп жатат?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан