Таласта кызды атып кетүүгө шектүү жигиттин туугандары: "Сыр эки жаштын ортосунда кетти, эч ким билбей калды"

Буга чейин Таласта 18 жаштагы кызды атып кетүүгө шектүү жигит асынып алганы маалымдалган. Талгат Анараалы уулу Кара-Суу айылынын Айтпаев атындагы орто мектебинде 10-класска чейин окуп, андан соң борбор калаадагы Бишкек мамлекеттик университетине тил жагына тапшырган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мектептин мугалимдери билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талгат 3 бир тууган, 2 эжеси бар. Эжелеринин бирөөсү "Манас" Түрк университетин аяктаган, ал эми бирөөсү Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жайында окуйт.

"Баланын апасы акушер. Атасы фермер. Апасынын жумушуна байланыштуу алар үй-бүлөсү менен шаарга көчүп кетишкен. Ошол себептүү бала дагы мектептен кетип, 9-класстын базасы менен окууга тапшырган.

Окуу онлайн болуп калганы аталган үй-бүлө бул жакка келип, айылда жүрүшкөн. Талгат бизди көргөн сайын жакшы учурашып, чөпкө дагы зыяны жок бала эле. Үй-бүлөсү жана туугандарынын бардыгы билимдүү, жакшы адамдар эле. Айыл эли бардыгы айраң-таң болуп отуруп калдык, бул окуя кандай болуп кеткенин билбей жатабыз. Балким, тергөөдөн ачыкталар", - деп билдиришти мугалимдер.

Ал эми Талгаттын туугандарына байланышканыбызда, төмөнкү жагдайлар белгилүү болду.

"Талгат аябай тынч, жаман адаты жок бала эле. Атылган мылтыкты кайдан алганын изилдөө керек. Ошол жактан бүт сыр чыгат. Окуя болордон бир күн мурун Талгат теңтуш балдары менен сүйлөшүп, "мылтык ким сатат" деп жүргөн деген дагы сөздөр айтылып жатат.

Талгат кызды коркутууга алып, анан мылтык кокусунан басылып кетти деген дагы божомолдор бар. Бирок бул сыр эки жаштын ортосунда кетти, эч ким билбей калды", - деп билдиришти туугандары.

Киши колдуу каза болгон Нурайым Талипованын алдыга койгон максаттары, пландары тууралуу бул жактан окусаңыз болот.

Окуянын чоо-жайы:

Кыздын сөөгү 4-июнда токтоп турган унаанын ичинен табылган. Текшерүү учурунда ал ушул айылдын 2003-жылы туулган тургуну экени жана ок атуучу куралдан жаракат алганы аныкталган.

Көп өтпөй кыздын өлүмүнө шектелип жаткан Кара-Суу айылынын 19 жаштагы тургуну асынган абалда табылган болчу.

Кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу дагы бир жаран Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан