Өкмөт үйүнүн алдында "Орхан Инанды табылсын" аталышындагы тынчтык акциясы бүгүн, 8-июнда да уланды. Акцияга 200дөй Инандынын тарапташтары келип, кайрылуу жасашты.
"Тез арада агайыбыз кайтып келип, кыргыз деп соккон жүрөгү менен билим берүүгө салымын кошо берет деген ишеничтебиз. Ажобуз бүгүн кечинде сапарга аттанып жатыптыр. Ажобуздан суранарыбыз: Сиз дагы атасыз. Баланын кадырын сиз да жакшы билесиз. Биздин агайыбыздын 4 баласы, жубайы бар. Ошолорду мүңкүрөтпөй маселени оң тарапка чечип бересиз деген үмүттөбүз. Кечээ бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлүп, тиешелүү органдарга суроолор берилгени бизди кубантты. Биз, бул жерде тургандар, ошондой иш-чаралардын көбөйтүлүп, натыйжалуу жыйынтык берерине талапташпыз", - деди акциянын катышуучусу.
Ошондой эле иш-чарага келгендер "Орхан Инанды" табылсын деп ураан чакырышып, аягында гимн ырдашты.
Окуянын чоо-жайы:
1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да "102" кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.
Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирген.
Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.
Ал эми Октябрь райондук милициясынан бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.
2-июнда ИИМ бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.